Гордимся

№97 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН МУГАЛИМДЕРИ РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТА ИЙГИЛИК ЖАРАТЫШТЫ

Республикалык «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы тарабынан уюштурулган «Мыкты класс жетекчи — 2023» Республикалык кароо-сынагына Бишкек шаарынын Ленин районундагы №97 жалпы орто билим берүү мектебинен башталгыч класстын мугалимдери Сабатбек кызы Чынара жана Аскербекова Гүлжамал Аскербековна катышышкан.  «Мыкты класс жетекчи — 2023» Республикалык кароо-сынагына катышкан мугалимдердин ичинен №97 жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстын мугалими Сабатбек кызы Чынара «Мыкты илимий сабак» номинациясын жеңип, жеңишин тастыктаган диплом, Ардак грамота жана төш белгиге ээ болду.

Ал эми, Аскербекова Гүлжамал Аскербековна конкурска жигердүү катышып, конкурсанттардын ичинен өзүн татыктуу көрсөтө алгандыгы үчүн Ардак грамотага ээ болду.

 

 

Чыгармачыл мугалимдерибизди жеңиши менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди, жаш муундарды тарбиялоодо жаңы бийиктиктерди каалайбыз! Белгилей кетсек аталган сынакка Республика боюнча 120 дан ашуун мугалим катышып, конкурска ат салышкан.

 

№97 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИНИН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИНИН ТАРЫХ МУГАЛИМИ СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БОЛДУ

«Медиа сабак» КФ Кыргызстандагы мектеп мугалимдеринин арасында ММС (медиа жана маалыматтык сабаттуулук) компоненти менен мыкты сабак планына Республикалык сынак жарыялаган. Сынак Билим берүү тармагында ММС билимдерин илгерилетүү боюнча жаңы окутуу ыкмаларын табуу, мугалимдердин аймактардагы жаштардын сынчыл ойломун, санариптик жана медиа сабаттуулугунун деңгээлин көтөрүү, ММС компоненттери камтылган сабактарды иштеп чыгуу тажрыйбасын өркүндөтүү, чыгармачылык дараметин жана шыктануусун арттыруу, тажрыйба алмашуу максатында сынак уюштурулган.

Сынактын жеңүүчүcүн аныктоо, сабак планынын бет ачары жана сыйлык тапшыруу аземи 2022-жылдын 3-4-ноябрында Бишкекте өткөн CAMILCon2022 III Борбордук Азиялык медиа жана маалыматтык сабаттуулук конференциясында болуп өттү. Сынакка келип түшкөн 150 дөн ашуун сабактын иштелмелеринин ичинен №97 жалпы орто билим берүү мектебинин тарых мугалими А.Б. Ашырбеков  эмгеги эң мыкты деп табылып, жеңишин тастыктаган диплом жана статуэтка, ошондой эле башкы байге ноутбукка ээ болду. Кесиптешибиздин ийгилигин куттуктап, мындан аркы ишине чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

Белгилей кетсек, сынак Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча Федералдык министрлигинин, Deutsche Welle Академиясынын колдоосунда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Кыргыз Билим берүү Академиясы менен билим берүү системасы аркылуу калктын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун өнүктүрүү боюнча меморандумдун негизинде, Кыргызстанда медиа маалымат сабаттуулукту жогорулатуу долбоорунун алкагында өткөрүлгөн.