Г.А.Аскербекованын анкетасы
«Жыл мугалими — 2024» сынагы үчүн Жылдызбек кызы Зульфиянын визит карточкасы
«Жыл мугалими — 2024» сынагы үчүн Г.А.Аскербекованын визит карточкасы
№97 жалпы орто билим берүү мектебинин педагогикалык жамааты үчүн усулдук электрондук китепкана каталогу түзүлдү
https://drive.google.com/drive/folders/1JJbUvBYykPGsHj6sCtjfT_0pRtFy1hH8?usp=share_link
Жогорудагы шилтеме аркылуу усулдук электрондук китепкананын түз шилтемесине кирип, маалымат базасындагы электрондук китептерди пайдалана аласыз. Ийгилик каалайбыз!
№97 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИНДЕ УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана таланттуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү. Бул күн өлкөбүздө Улуттук адабият күнү катары белгиленип келет. №97 жалпы орто билим берүү мектебинде 12-декабрда Улуттук адабият күнү белгиленди.

Улуттук адабият күнүн урматына кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Мамбетова Назира Эркинбековна жана Нурлан кызы Бегайым 7-8-класстын окуучулары менен биргеликте «Аалам алпы — Айтматов» аталышындагы иш-чара өтүштү.

Иш-чараны Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарынын адабияттык параддык жүрүшү менен 7-класстын окуучулары ачып беришти. Окуучулар Айтматовдун чыгармаларындагы ар бир кейипкерлерди ийнине жеткире образдуу түрдө чагылдырып, жыйындар залындагы көрүүчүлөрдү таасирлендире алышты.
Иш-чаранын борбордук бөлүгүндө окуучулар Айтматовдун дүйнөнүн бир канча тилдерине которулган «Ак кеме» повестиндеги «Бугу эне» жөнүндөгү жомокту аткарышты. Андан соң, «Кызыл алма» чыгармасындагы негизги каармандардын сезимдерин бий менен көрсөтүп беришти.


Адабият күнүнө арналган иш-чаранын соңунда, окуучулардын Айтматовдун чыгармасы боюнча кол өнөрчүлүк менен жасаган образдуу көргөзмөлөрүнүн жыйынтыгын чыгаруу менен белгиленди. Балдар залдагы көрүүчүлөргө өздөрүнүн эмгектерин жактап беришти. Иш-чаранын соңунда таланттуу окуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн грамоталар тапшырылып, мугалимдерине ыраазычылык билдирилди.

Иш-чараны кыргыз тили жана адабияты мугалими Мамбетова Назира жыйынтыктап, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк жана улуттук адабиятка ат көтөргүс салым кошконун баса белгилеп, анын чыгармаларындагы негизги каармандарга өзгөчө токтолуп, белгилүү жазуучунун «Адам кандай гана татаал абалда калбасын, ал өзүнүн бийик адамдык наамын, адамдык мартабасын түшүрбөөгө милдетүү» деп сөзүн жыйынтыктады.
№97 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИНДЕ УСУЛДУК БИРИКМЕЛЕРДИН ДЕКАДАЛАРЫ БАШТАЛДЫ
№97 жалпы орто билим берүү мектебинде мугалимдердин методикалык жана адистик деңгээлин көтөрүү максатында өткөрүлүүчү усулдук бирикмелердин декадалары башталды. Бүгүн, 20-октябрда орус тили жана адабияты бирикмесинин усулдук декадасынын ачылышы болуп өттү. Ачылыштын алкагында №97 жалпы орто билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Айтназарова Айша Макеновна 1-б классы менен «Золотая осень» аталышындагы кайталоо сабагы менен декаданын ачылышын жасады. Сабакта заманбап инновациялык технологиялар пайдаланылып, кызыктуу методикалар колдонулду. Ошондой эле, сабактын жүрүшүндө 1-б классынын окуучулары өздөрүнүн сабакка болгон дилгирлигин, жогорку деңгээлдеги кызыгуусун көрсөтүп, сабакка жигердүү катышышты.
Андан тышкары, декаданын жүрүшүндө 8-ж классына Курманкожоева Фарида Дильдебековна орус тилинен «Тире между подлежащим и сказуемым» аталышындагы ачык сабак өттү. 8-ж классына өтүлгөн ачык сабакка бир катар мугалимдер кирип, методикалык тажрыйбаларды алмашышты.



