
Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана таланттуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү. Бул күн өлкөбүздө Улуттук адабият күнү катары белгиленип келет. №97 жалпы орто билим берүү мектебинде 12-декабрда Улуттук адабият күнү белгиленди.

Улуттук адабият күнүн урматына кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Мамбетова Назира Эркинбековна жана Нурлан кызы Бегайым 7-8-класстын окуучулары менен биргеликте «Аалам алпы — Айтматов» аталышындагы иш-чара өтүштү.

Иш-чараны Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарынын адабияттык параддык жүрүшү менен 7-класстын окуучулары ачып беришти. Окуучулар Айтматовдун чыгармаларындагы ар бир кейипкерлерди ийнине жеткире образдуу түрдө чагылдырып, жыйындар залындагы көрүүчүлөрдү таасирлендире алышты.
Иш-чаранын борбордук бөлүгүндө окуучулар Айтматовдун дүйнөнүн бир канча тилдерине которулган «Ак кеме» повестиндеги «Бугу эне» жөнүндөгү жомокту аткарышты. Андан соң, «Кызыл алма» чыгармасындагы негизги каармандардын сезимдерин бий менен көрсөтүп беришти.


Адабият күнүнө арналган иш-чаранын соңунда, окуучулардын Айтматовдун чыгармасы боюнча кол өнөрчүлүк менен жасаган образдуу көргөзмөлөрүнүн жыйынтыгын чыгаруу менен белгиленди. Балдар залдагы көрүүчүлөргө өздөрүнүн эмгектерин жактап беришти. Иш-чаранын соңунда таланттуу окуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн грамоталар тапшырылып, мугалимдерине ыраазычылык билдирилди.

Иш-чараны кыргыз тили жана адабияты мугалими Мамбетова Назира жыйынтыктап, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк жана улуттук адабиятка ат көтөргүс салым кошконун баса белгилеп, анын чыгармаларындагы негизги каармандарга өзгөчө токтолуп, белгилүү жазуучунун «Адам кандай гана татаал абалда калбасын, ал өзүнүн бийик адамдык наамын, адамдык мартабасын түшүрбөөгө милдетүү» деп сөзүн жыйынтыктады.