«Медиа сабак» КФ Кыргызстандагы мектеп мугалимдеринин арасында ММС (медиа жана маалыматтык сабаттуулук) компоненти менен мыкты сабак планына Республикалык сынак жарыялаган. Сынак Билим берүү тармагында ММС билимдерин илгерилетүү боюнча жаңы окутуу ыкмаларын табуу, мугалимдердин аймактардагы жаштардын сынчыл ойломун, санариптик жана медиа сабаттуулугунун деңгээлин көтөрүү, ММС компоненттери камтылган сабактарды иштеп чыгуу тажрыйбасын өркүндөтүү, чыгармачылык дараметин жана шыктануусун арттыруу, тажрыйба алмашуу максатында сынак уюштурулган.


Сынактын жеңүүчүcүн аныктоо, сабак планынын бет ачары жана сыйлык тапшыруу аземи 2022-жылдын 3-4-ноябрында Бишкекте өткөн CAMILCon2022 III Борбордук Азиялык медиа жана маалыматтык сабаттуулук конференциясында болуп өттү. Сынакка келип түшкөн 150 дөн ашуун сабактын иштелмелеринин ичинен №97 жалпы орто билим берүү мектебинин тарых мугалими Ашырбеков Алдияр Басарбековичтин эмгеги эң мыкты деп табылып, жеңишин тастыктаган диплом жана статуэтка, ошондой эле башкы байге ноутбукка ээ болду. Кесиптешибиздин ийгилигин куттуктап, мындан аркы ишине чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

Белгилей кетсек, сынак Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча Федералдык министрлигинин, Deutsche Welle Академиясынын колдоосунда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Кыргыз Билим берүү Академиясы менен билим берүү системасы аркылуу калктын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун өнүктүрүү боюнча меморандумдун негизинде, Кыргызстанда медиа маалымат сабаттуулукту жогорулатуу долбоорунун алкагында өткөрүлгөн.
https://mediasabak.ngo/ru/news/66

