№97 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИНДЕ УСУЛДУК БИРИКМЕЛЕРДИН ДЕКАДАЛАРЫ БАШТАЛДЫ

№97 жалпы орто билим берүү мектебинде мугалимдердин методикалык жана адистик деңгээлин көтөрүү максатында өткөрүлүүчү усулдук бирикмелердин декадалары башталды. Бүгүн, 20-октябрда орус тили жана адабияты бирикмесинин усулдук декадасынын ачылышы болуп өттү. Ачылыштын алкагында №97 жалпы орто билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Айтназарова Айша Макеновна 1-б классы менен «Золотая осень» аталышындагы кайталоо сабагы менен декаданын ачылышын жасады. Сабакта заманбап инновациялык технологиялар пайдаланылып, кызыктуу методикалар колдонулду. Ошондой эле, сабактын жүрүшүндө 1-б классынын окуучулары өздөрүнүн сабакка болгон дилгирлигин, жогорку деңгээлдеги кызыгуусун көрсөтүп, сабакка жигердүү катышышты.

Андан тышкары, декаданын жүрүшүндө 8-ж классына Курманкожоева Фарида Дильдебековна орус тилинен «Тире между подлежащим и сказуемым» аталышындагы ачык сабак өттү. 8-ж классына өтүлгөн ачык сабакка бир катар мугалимдер кирип, методикалык тажрыйбаларды алмашышты.

1-б классы орус тили сабагында
Декаданын алкагында Курманкожоева Фарида Дильдебековна 8-ж классына орус тилинен «Тире между подлежащим и сказуемым» аталышындагы ачык сабак өттү