Жаңылыктар

№97 жалпы орто билим берүү мектеби алгачкы бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду

2023-жылдын 25-майында Кыргызстандын мектептеринде кезектеги окуу жылынын аякташына байланыштуу акыркы коңгуроо салтанаты болуп өттү. Бишкек шаарынын Ленин районунун №97 жалпы орто билим берүү мектебинде да “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасы болуп өтүп, мектептин алгачкы 15 бүтүрүүчүсү мектептин уясынан учту. Мектептин алгачкы бүтүрүүчүлөрүн куттуктап иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жакышов Русланбек Шергазиевич, Ленин райондук билим берүү борборунан коноктор жана ата-энелер катышты. Мектеп директору Жээнтаева Зейнегул Элебесовна  бүтүрүүчүлөргө мындан аркы жашоосуна ак жол каалап, бардык ой максаттарын ийгилик коштоп, ата-эне, мугалимдердин ишенимин актаган эл уулдарынан болууга чакырды. 
Белгилей кетсек, быйыл 9-11- класстарды Кыргызстан боюнча 180 миңден ашуун улан-кыз аяктайт. Алардын 70 миңге жакыны 11-классты бүтүрүп жатат.

№97 жалпы орто билим берүү мектебинде англис тили бирикмесинин декадасы жана англис тилинин 1 айлыгы белгиленди

№97 ЖОББМ 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата 1 айлык иш-чаранын жыйынтыгы

КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган #мектептерагайлардынүнүнөмуктаж  акциясынын алкагында №97 жалпы орто билим берүү мектебинин тарых мугалими А.Б. Ашырбеков тууралуу ЭлТР каналы атайын репортаж даярдады.