Биз жөнүндө

Бишкек шаарынын Ленин районундагы №97 жалпы орто билим берүү мектеби

Аталышы

Бишкек шаарынын Ленин районундагы «№97 жалпы орто билим берүү мектеби» мекемеси

Формасы

Мекеме

Статусу

2022-жылдын 14-июлунда каттоодон өткөн.

Менчик

Муниципиалдык

Директору

Жээнтаева Зейнегул Элебесовна

Ишмердүүлүк

85.31.0: жалпы орто билим берүү

(экинчи баскыч)

ИНН

01407202210192

Каттоо номери

207742-3301-У-е

Дареги:

Бишкек шаары, Арча-Бешик-2 жаӊы конушу, Бадахшан көчөсү

 Мектеп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Мамлекеттик мектеп куруу долбоорунун» алкагында Сауд өнүктүрүү фонду (СӨФ) тарабынан каржыланып салынды.                       

        Мектеп объектисинин курулушуна  1 230 986 АКШ доллары сарпталды.

Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгы тарабынын 5 350 000 сомго мектепке керектүү төмөндөгү төмөндөгү төмөндөгү материалдык-техникалык жабдуулар сатылып берилген.

 

Материалдык-техникалык жабдуулар аталышы

1.

Мамлекеттик символдор боюнча стенд

2.

Сабактардын жүгүртөлөрү боюнча стенд

3.

Кабинеттердин табличкалары

4.

Өрткө каршы жабдуулар

5.

Видео көзөмөл жабдуулары

6.

Ашканага керектүү техникалык каражаттар жана жабдуулар

7.

Парталар, отургучтар жана шкафтар

8.

Компьютерлер, ноутбуктар жана принтерлер

9.

Интерактивдүү панель жана проектор-экрандар

10.

Медициналык кабинетке техникалык жабдыктар

11.

Музыкалык аппаратуралар

Бишкек шаарынын Ленин районундагы   №97 жалпы орто билим берүүчү  мектеби   2022-жылдын  1- сентябрында ачылган.

(Мектептин ачылыш аземине КР Мамлекеттик катчысы С. Касмамбетов, КР Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Н.Жетыбаев, Сауд Аравиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ибрагим Аль Ради жана Сауд өнүктүрүү фондунан Султан А.Алмаршад катышышты).

Мектеп 500 орундуу типтүү мектеп  СНиП КР 31-08:2013                   «Мектеп         имараттары» долбоору боюнча курулган.

Мектеп имараты жөнүндө маалымат.        Таблица №1.

Мектеп имараты

Аянты

1.

Мектептин жалпы аянты

3220, 47  кв.м.

2.

Спорттук зал

350, 10 кв.м.

3.

Жыйындар зал

81, 91 кв.м.

4.

Ашкана

60, 10 кв.м.

 

2022-жылдын 2-августунан баштап КР Билим берүү жана илим министрилигинин мектепке балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык тутумуна кошулуп, окуучуларды мектепке электрондук каттоо аркылуу                  1-класска окуучулар кабыл алынды.

Мектеп окуучулары тууралуу маалымат.             Таблица №2.

 

Класстар

Окуучулардын саны

1.

0-класстар

60 окуучу

2.

1-4-класстар

379 окуучу

3.

5-9-класстар

354 окуучу

4.

10-11-класстар

48 окуучу

 

Жалпы:

781 окуучу

 

Мектептин кызматкерлери тууралуу маалымат. Таблица №3.

Кызматкерлер

Саны

1.

Мугалимдер

62 мугалим

2.

Кенже тейлөө кызматкерлери

7 кызматкер

 

Жалпы:

69

 

Мектептеги окутуу тили боюнча маалымат.                 Таблица №4.

Окутуу тили

Класстардын саны

Окуучулардын саны

1.

Кыргыз тилинде

26

556

2.

Орус тилинде

9

234

 

Жалпы:

35

790

Мектеп окуучуларынын китеп менен камсыз болушу.            Таблица №5.                                                                                

Класстар

% менен

1.

1-4-класстар

30%

2.

5-9-класстар

33%

3.

10-11-класстар

30%

 

Жалпы:

31%

 

Мектепте      21 класстык бөлмө бар,  7 класстык бөлмө башталгыч класстар үчүн.  Класстык бөлмөлөр 5-класстан баштап адистештирилген кабинеттерде сабактарды өткөрүүгө ылайыкташтырылган.

Мектептин материалдык-техникалык базасы негизинен азыркы замандын талабына ылайык жабдылган. 1 лингофондук кабинет, 26 компьютер менен жабдылган информатика кабинети, демонстрациялык стол  жана  керектүү лабораториялык жабдыктар менен камсыздалган физика, химия жана биология лабораторияларында факультативдик сабактарды өтүүдө окуучулардын саны      аз болгон топтук жана жекече сабактарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү эске алынган.

Демонстрациялык столдор жана пульттук башкаруу менен жабдылган.

Класстар, кабинеттер, лабораториялар 24 орунга эсептелинген. Аскерге чейинки даярдоо кабинети 35 орун, ал эми, IV-VIII класстар үчүн эмгекке үйрөтүү кабиненти 20 орундуу. Эмгекке үйрөтүү кабинети бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган: устакана, тамак жасоочу кабинет жана  7 тигүү машинкасы менен жабдылган технология кабинети.

Окуу кабинеттеринде окуунун техникалык каражаттарын — кино, телевизор, проекциялык аппаратура, магнитофон, программалоо аппараттарын жана башкаларды колдонууга болот.

Демонстрациялык столдор адистигине жараша суу түтүктөрү, электр жана канализациялык туташтыргычтар менен жабдылган. Лабораториялык жана аспаптык жумуш орундарында технологиялык талаптарга ылайык суу, электр жана канализация системасы орнотулган.

Башкаруу каражаттары, проекциялык жабдуулар, сигнализация жана үн системасы камсыздалган.

Мектептин жылытуу системасын газ аркылуу жылытылууда.